Ишкердикти баштоо жана өнүктүрүү боюнча онлайн окутуулар, керектүү маалыматтар жана мүмкүнчүлүктөр
Микро Ментор платформасы
"Микроментор" (Micromentor) – бул дүйнө жүзүндөгү чакан жана орто бизнестин ээлерине өз долбоорлорун өнүктүрүү үчүн ыктыярдуу насаатчылык колдоо көрсөтүү максатында тажрыйбалуу ишкер-волонтёрлор менен байланыштырган эл аралык акысыз онлайн-платформа. Бул платформа ишкерлерге онлайн форматта бизнесин өнүктүрүүгө жардам берип, уникалдуу эл аралык тажрыйбага жана билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Жаңы баштаган жана иштеп жүргөн адистер үчүн окутуу курстар
Бул платформа Кыргызстандагы жумуш издегендер жана жаш адистер үчүн онлайн-окутуучу платформа. Бул платформада сиз өзүңүздү өркүндөтүп, жаңы көндүмдөргө ээ болуп, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү боло аласыз. Ошондой эле, бул жерден жумуш табуу жана кесиптик өнүгүү үчүн потенциалыңызды жогорулата аласыз. "Ustat" менен сиз жеке жана кесиптик максаттарыңызга жетүү үчүн жаңы көндүмдөрдү аласыз. Онлайн-тренингдерге жана кесипкөй мугалимдер менен жандуу сабактарга акысыз жетүү үчүн азыр катталыңыз.
“Мен андай кыла албайм”, “Бул менин колумдан келбейт”, “Мага бул болбойт” жана башка, жана башка... Курс мына ошол бизди чектеген ынанымдарыбыздан арылууга, эркин жашоого үйрөтөт.
Бул курстар айыл чарбасы боюнча аялдар жана жаштар үчүн атайын билим берүү программасы. Долбоор аркылуу тамчылатып сугаруудан баштап, интенсивдүү алма өстүрүү технологияларына чейинки ар кандай темалар боюнча видео сабактар жана вебинарлар уюштурулат.
Курс 4 модулдан жана өз алдынча окуу үчүн 15 окуу сессиясынан турат, ал биздин өлкөнүн аймактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан жана ылайыкташтырылган, ошондой эле калктын финансылык сабаттуулугундагы боштуктарды толтуруп, актуалдуу маселелерди камтыйт.